Алжирде фламингонун 300дөй балапаны куткарылды

  • 2 месяца мурун

Алжирдик ыктыярчылар соолуп калган туздуу көлгө ата-энелери таштап кеткен дээрлик үч жүз балапан фламингону куткарып калышты.
Аптаптуу ысыктын жана жылдар бою өкүм сүргөн кургакчылыктын кесепетинен канаттуулар уя салган Тинсилт көлү бир айга жетпей соолуп калган. Чоң фламинголор жумурткаларын жана балапандарын калтырып учуп кетишти; ондогону суусап, ачкачылыктан, карышкыр жана браконьерлердин колунан өлдү.

Кырдаалды жергиликтүү фотограф Тарек Кавайлия байкаган. Ал куткаруу операциясын уюштуруп, анын жүрүшүндө ыктыярчылар 283 балапанды унаалары менен соолуп калган көлдөн элүү чакырым алыстыктагы башка көлгө алып барышкан. Балапандардын баарын куткарууга мүмкүн болгон жок.

Кавайлия белгилегендей, бир нече сааттан кийин чоң фламинголор куткарылган балапандарга учуп келишкен.
«Операция ийгиликтүү өтүп, ата-энелер балдарын эң сонун чөйрөдө табышты» деп жазган ал.
Быйылкы жыл да былтыркы ысыкты кайталап жатат. БУУнун метеорологдору рекорддук ысыкты климаттын техногендик өзгөрүшү жана Эль-Ниньо кубулушу – Тынч океандын экватордук сууларынын температурасынын жогорулашы менен байланыштырууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты