Алмазбек Бейшеналиев кайрадан билим берүү жана илим министри болуп дайындалды
- 1 жыл мурун
Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы жетекчини 14-февралда жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тааныштырды.
Алмазбек Бейшеналиев 41 жашта. Ал 2017-2018-жылдары өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт боюнча бөлүмүн башкарган. 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын 5-майына чейин билим берүү жана илим министри болуп иштеген.
2021-жылдын июнь айынан бери Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсеси жана башка уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп иштеп жаткан.
Министрликти 2021-жылдын май айынан бери жетектеп келген Болотбек Купешов кызматын ден соолугуна байланыштуу тапшырганы кабарланды.
Муну бөлүшүү