Мухтарбек Баймурзаев билим берүү министринин биринчи орун басары болуп дайындалды
- 1 год мурун
Мухтарбек Баймурзаев билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин бул кызматты аркалап келген Бекжан Супаналиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Бул кызматка дайындалганга чейин Баймурзаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары болуп иштеп келген.
Муну бөлүшүү




