Алмазбек Атамбаевдин соту кийинкиге жылдырылды (Видео)
- 2 года мурун
- Видео
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча Алмазбек Атамбаевдин Жогорку соттогу иши 2022-жылдын 17-январына жылдырылды.
Бул тууралуу соттун чечимин күтүп турган митингчилердин алдына чыккан адвокат Сергей Слесарев билдирди.
2021-жылы 12-октябрда Жогорку сот “Батукаев иши” боюнча жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Башкы прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, мурдагы президентке чыккан өкүмдү кайра күчүнө киргизген.
Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып, 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы “айыккыс илдетке чалдыкты” деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен.
Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган. Атамбаев ушул ишке байланыштуу Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармалган. Иш сотко ошол жылдын октябрында өткөн.
2020-жылы 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов Атамбаевди “Батукаевдин иши” боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл эки айга кескен. Ошол эле жылы 17-августта Бишкек шаардык соту ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.
Сүрөт: Интернет булактарынан.