Алмазбек Атамбаев: Элге, соцтармактарга, жарандык коомго ишениш керек экен

  • 2 года мурун

Бүгүн, 6-апрелде, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын октябрь окуялары боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат.   

Бул иш боюнча кылмыш кодексинин бир канча беренелери боюнча Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Темирлан Султанбеков, Жеңиш Молдокаматов жана башкаларга кылмыш иши козголгон.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроосуна жооп берип анын негизги кемчиликтери күч түзүмдөрүнө ишенгени экенин белгиледи:

-Мына, Батукаевдин ишин алалы.  Силер УКМКнын төрагасынын көрсөтмөлөрүн окудуңар беле (анда Шамил Атаханов болчу), анда кандай кылышкан? Эми УКМК четке чыга качты, мага болсо 11 жыл беришти. Эгер Президент болсоң, элди, жарандык коомду жана сени менен талашкандарды угушуң керек экен, -деди Алмазбек Атамбаев.   

 Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын октябрь окуясы боюнча сот иштери уланууда. Сотко мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов катышууда.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты