Алмазбек Атамбаев башка колонияга которулгусу келет

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын октябрь окуясы боюнча сот иштери уланууда. Сотко мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов катышууда.

Алмазбек Атамбаев өзү азыр отурган №47 колониядан Чүй облусунуну Петровка айылына которулгусу келгенин журналисттерге билдирди:

-Ал жакта мени жыңайлак карга бастырбайт деп ойлойм. Чектен чыгуулар да аз болот дейм. Бирок аны мен чечпейм, түрмө деген түрмө да. Мен №8 колонияга сурандым. Кызматкерлер мени менен сүйлөшкөндөн да коркуп жатышат. №47 колонияда мага абакта жаткандардын баары жакшы мамиле жасашат, “Каралар” да, “кызылдар” да, урмат менен мамиле кылышат. Анын үстүнө менин жашым улуу, алар менин балдарым менен тең. Камактагылар кандай жашаарын, силер билген болсоңор… алардын шарты XXI кылымга туура келбейт” деди мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев.   

2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу тергөөнүн материалында Атамбаевдин 2020-жылы 5-октябрдын түнү камактан мыйзамсыз бошоп кеткени, андан кийин Бабанов, Султанбеков, Сагынбаев, Молдокматов жана Ниязов баштаган тарапташтары менен алдын ала сүйлөшүп алып, бийликти басып алууга аракет кылганы көрсөтүлгөн. Алар 9-октябрда “Медиа Форум” имаратынын алдына чогулуп, андан кийин «Ала-Тоо» аянтына келгени, ал жерден жапырт башаламандыкты баштаганы белгиленген.

Ушул эле иш боюнча мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабановго карата да кылмыш иши козголуп, бирок өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты