Алмазбек Атамбаев: Бакиевдерди кубанткысы келип жатышат

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 2020-жылддын октябрь окуялары боюнча соттук териштирүү жүрүп жатат.

Сотко мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов катышууда.

Алмазбек Атамбаев аны сотко мажбурлап алып келүү  2010-жылдын апрель окуясына карата спектакль экенин, Бакиевдерди кубанткысы келип жатышканын билдирди.

-7-апрель баары бир Кыргызстандын тарыхында калат. Анда 80 ден ашуун бала каза тапкан, андан кийинки жылдарда да алган жаратынан 70тей адам көз жумду. Дагы 500гө жакыны жарадар болгон. Бул (мажбурлап алып келүү — ред.) 7-апрелге карата, Максим, Курманбек, Жаныш Бакиевдерди, кубантуу, алардын татыктуу шакирттери келип, Атамбаевге көрсөтүп жатат деп кубансын деп жасалып жатат. Бул цирк ошон үчүн. Мен бир да суроого жооп бербейм. Бир өкүмдү менсиз эле чыгарып коюшкан. Бул – бийликтин Бакиевдин алдындагы милдеттенмеси. Мен чымырмын, баарын көтөрөм,- деди Алмазбек Атамбаев.  

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда 2020-жылдын октябрь окуясы боюнча сот иштери уланууда.

2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу тергөөнүн материалында Атамбаевдин 2020-жылы 5-октябрдын түнү камактан мыйзамсыз бошоп кеткени, андан кийин Бабанов, Султанбеков, Сагынбаев, Молдокматов жана Ниязов баштаган тарапташтары менен алдын ала сүйлөшүп алып, бийликти басып алууга аракет кылганы көрсөтүлгөн. Алар 9-октябрда “Медиа Форум” имаратынын алдына чогулуп, андан кийин «Ала-Тоо» аянтына келгени, ал жерден жапырт башаламандыкты баштаганы белгиленген.

Ушул эле иш боюнча мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго карата да кылмыш иши козголуп, бирок өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты