Алматыдан Ысык-Көлгө авиакаттам ачылды
- 9 months мурун

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 1-июлда Алматыдан биринчи каттамды кабыл алды.
Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
SCAT авиакомпаниясы «Алматы-Тамчы-Алматы» багыты боюнча авиакаттамдарды жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарат.
Жумасына 4 каттамга чейин көбөйтүү пландалууда.
Учуу убактысы 40 мүнөт.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү