Алматыда камалган кыргыз ишкеринин жакындары акцияга чыкты

  • 9 месяцев мурун

Казакстанда дээрлик үч айдан бери камакта отурган кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевдин жакындары бүгүн, 24-августта, Бишкекте акцияга чыкты. 30-40ка жакын киши Горький атындагы бакчада чогулуп, кыргыз бийлигинен Маркабаевдин иши акыйкат тергелишине көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү.

Алар Казакстандын жетекчилигине да кайрылып, ишкерди мекенине кайтарууга жардам берүүнү суранышты.

Эки күн мурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) ишкердин укугун коргоо аракети көрүлүп жатканын, иликтөөдө эл аралык укуктук ченемдердин сакталышын камсыз кылуу өтүнүчү менен Казакстандын тийиштүү органдарына эки жолу нота жөнөткөнүн маалымдаган.

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов Маркабаевге жолугуп чыкканын, ал иштеткен ири базарда рейдерлик басып алуу аракети жүрүп жатканын айтып бергенин, анын ишинде бир топ күмөн жагдайлар бар экенин «Азаттыкка» 6-июлда билдирген.

Окуя быйыл 2-июнда Алматы облусунун аймагында, Алматы–Бишкек автожолунда болгон. Полицияга куралчан адамдар бара жаткан машина тууралуу анонимдик маалымат түшүп, «Алтын Орда» базарынын директорунун орун басары Маркабаевдин машинасы токтотулган. Жансакчысы текшерилип, анын алып жүргөн куралынын бардык документтери жайында болуп чыккан. Бирок ошол эле замат маңзатка байланыштуу жаңы айып коюлуп, иш козголуп, Маркабаев камакка алынган.

Интернетте Маркабаевди полиция куралчан күч кызматкерлеринин коштоосунда кармап жаткан учур тартылган видео тараган. Видеону чөнтөк телефонуна тартып алган аял ага баңги затын атайылап салып коюшканын көргөнүн айткан.

Маркабаев Алматыдагы бизнесин бул өлкөнүн мурдагы бийлиги тушунда тарттырып жибергени, былтыр сот аркылуу аны кайра кайтарып алганы жана жаңылоо иштерин жүргүзүп жатканы кабарланган. Ал Алматы шаарында тергөө абагында отурат. Ишти Алматы полициясы тергеп жатат.

Сүрөт: RFF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты