Алматыда дүкөндөр менен банктар тонолду

Алматыда кечээ түнү дүкөндөр менен банктар тонолду. Алматыдагы кечээги түн кандай өткөнүн видео тасмадан көрүүгө болот.

Казакстан ишкерлеринин улуттук палатасына ишкерлерден 150дөн ашык кайрылуу түшкөндүгү маалымдалды.

Казакстандын бардык аймагына өзгөчө абал киргизилген.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду.

5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышты. Нааразылык учурунда Казакстанда сегиз полиция кызматкери каза болду. Бул тууралуу tengrinews.kz сайты өлкөнүн ички иштер министрлигине таянуу менен кабарлады.

Өкмөт отставкага кетип, айрым жогорку кызмат адамдары иштен алынды. Нурсултан Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кетти.

Сүрөт жана видео: Социалдык тармактардан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты