Алкоголдук рынокту жана тамеки буюмдарын жүгүртүүнү жөнгө салуу башкармалыгы жоюлду

  • 2 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаары, түндүк жана түштүк аймактары боюнча алкоголдук рынокту жана тамеки буюмдарын жүгүртүүнү жөнгө салуу жана контролдоо боюнча башкармалыгын жоюу жөнүндө чечим кабыл алды.

Бул чечим Министрлер кабинетине караштуу этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин түзүлгөндүгүнө байланыштуу болду, анткени анын карамагына жоюлуп жаткан башкармалыктын функциялары өттү.

Кредиторлордун арыздары 2022-жылдын 8-декабрына чейинки мөөнөттө төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 219, финансы министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты