Аламүдүн райондук администрациясынын жооптуу кызматкерлери кармалды
- 9 месяцев мурун
- Видео
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун Маевка муниципалдык аймактык башкармалыгынын айыл чарба багытындагы жер тилкелерин турак жайларды куруу үчүн мыйзамсыз өзгөртүп берүү менен байланышкан коррупциялык схеманын бетин ачты.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
“2022-жылдын орто ченинен 2024-жылдын январь айына чейин «жер мафиясы» деген атка конгон. айрым жарандар муниципалдык кызмат адамдары менен тил табышып, айыл чарба багытындагы жер тилкелерин (кийин капиталдык курулуштар баш аламандык менен курулган) бөлүп, сатып жибергени аныкталган.мӨз кезегинде, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдарынын ичинен түзүлгөн жумушчу комиссия кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы материалдык пайда алуу максатында жер мунапысына жамынып, 378 контурдагы 5,5 га жер тилкесин мунапыс шарттарына жана талаптарына туура келбесе да мыйзамсыз трансформациялаган.
Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары (аким) Т.О.А., Маевка айыл аймагынын мурдагы башчысы К.Б.Т. жана жер тилкелерин мыйзамсыз сатууну ишке ашырган Д.Н.К. жана А.М.Ч. аттуу жаран кармалып, алар Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан №21 мекемеге камакка алынган.
Тергөө иштери улантылууда.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




