Алай районунда сүт-товар фермасынын жер тилкеси ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

Ош облусунун Алай районундагы мурда сүт-товар фермасына таандык болгон жер тилкесин менчиктештирүүдөгү тартип бузууларды аныктады.

Аталган жер тилкеси 1995-жылы бир катар мыйзамдарды бузуу менен жеке менчикке чыгарылгандыгы аныкталган.

Тергөөнүн алкагында аталган жер тилкесинин ээси М.С.Ж. УКМК кызматкерине текшерүү иштерин токтоткондугу үчүн пара берип жаткан учурда кармалды.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Ош облусунун Алай районундагы сүт-товар фермасынын жер тилкесинин ээси бул мүлккө ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүп, жогоруда белгиленген жер участогун өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтарып берди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты