Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка автожолуна кар көчкү түштү  

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 11-февралда, Ала-Бука–Жаңы-Базар–Кировка автоунаа жолунун 93-101-чакырым аралыктарында 5 жеринен кар көчкү түшкөнү аныкталды.

Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.

Кар көчкүнүн көлөмү такталууда.

Ал жерге тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн “Жагалмай” компаниясынан 4 жүктөгүч тартылып, жолду ачуу жумуштарын жүргүзүп жатат.

Аба ырайынын шарттарына байланыштуу, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин тескемесинин негизинде аталган унаа жолдо бүгүн, 11-февралда, аба ырайы турукташканга чейин кайра унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Иллюстрациялык сүрөт: Министрлик

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты