Акыркы үч жылдан бери 5 миң 700 чакырымга тор салынган. Президент жаратылышты сактоого чакырды

  • 10 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу жаратылышты коргоого чакырды. 2025-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин жалпы 2 миң 428 тор алынган, анын узундугу 1 миң 700 километрди түзгөн. Башкача айтканда алынган торлордун жалпы узундугу 5 миң 700 километрди түзөт.

«Акыркы 3 жылдан бери Ысык-Көл, Соң-Көл, Токтогул суу сактагычтарынан жыйнаган торлордун узундугу 5 миң 700 километр болду. Бул деген Бишкек-Москва-Санкт-Петербург шаарына чейинки аралык. Балык кармайбыз деп браконьерлер салган торлорго канаттуулар да түшүп, өлүп калып жатышат» деди мамлекет башчы.

-Бул эмне деген акмакчылык? Ошондуктан айрыкча суу жээгинде жашаган элдерибизге кайрылам: сиздер айылыңарда кимдер браконьерлик кылаарын жакшы билесиздер. Аларды уяткарып, токтотуп, сиздер да жардам бербесеңиздер тиешелүү органдар жетишпей жатышат. Жаратылыш баарыбыздыкы.Ошондуктан ар бириңер жарандык, атуулдук милдетиңерди аткарып, көзөмөлгө алыңыздар,-деп фактыларды келтирди:

-Мисалы, 2022-жылдан 2025-жылдын бүгүнкү күнүнө чейин Ысык-Көлдөн 34 миң 454 даана тор алынган. Алынган торлордун жалпы узундугу 5 миң 659 километр 700 метрди түзгөн.

Анын ичинен:

2022-жылы 1 миң 115 тор алынган, анын узундугу 700 километрди түзгөн;

2023-жылы 12 миң 232 тор алынган, анын узундугу 1 миң 819 километрди түзгөн;

2024-жылы 18 миң 679 тор алынган, анын узундугу 1 миң 500 километрди түзгөн;

2025-жылдын башынан бүгүнкү күнгө чейин жалпы 2 миң 428 тор алынган, анын узундугу 1 миң 700 километрди түзгөн. Башкача айтканда алынган торлордун жалпы узундугу 5 миң 700 километрди түзөт.

«Бабаларыбыздан калган табигатыбызды көздүн карегиндей сактоо зарылдыгы учурда өтө актуалдуу. Ага ар бирибиз, чоң-кичине дебей салым кошолу» деди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты