Акылбек Жапаров Түркияга расмий сапар менен барды

  • 3 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду Анкара шаарындагы “Эсенбога” эл аралык аэропортунан Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз тосуп алды. 

Бул тууралуу Министрер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Мурда маалымдалгандай, расмий сапардын алкагында МинКаб төрагасы Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына жана кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат.  Ошондой эле, Түркия Республикасынын расмий өкүлдөрү менен жолугат. Андан соң бир катар ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Жолугушуулардын жана жыйындардын соңунда эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Сүрөт: Минкаб басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты