Акылбек Жапаров биринчи жолу электрондук санарип колтамгасы бар документтерге кол койду

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров биринчи жолу электрондук санариптик колтамгасы бар документтерге кол коюп, «Infodocs» тутуму аркылуу аткарууга жөнөттү.

Президенттин администрациясы электрондук документ жүгүртүү тутумун ишке киргизди.

Бул системаны ишке киргизүү кагаз менен иштөө процессин жоюуну тездетет.

Учурда 853 мамлекеттик органда, аларга караштуу ведомстволук жана аймактык түзүмдөрдө электрондук документ жүргүзүү (ЭДТ) ишке киргизилген. Аны пайдалануучулардын саны мамлекеттик жана муниципалдык органдардын 32 миң кызматкерин түзөт. Тутум ишке киргизилгенден бери 2 млн 161 миң документ катталган.

Сүрөт: Минкабинет басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты