Акылбек Жапаров БАЭде дүйнөлүк саммитке катышат

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бүткүл Дүйнөлүк Өкмөттөр саммитине (World Government summit) катышуу үчүн Бириккен Араб Эмираттарына, Дубай шаарына барды. Мындан тышкары БАЭ жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган. 

Бүткүл Дүйнөлүк  Өкмөттөр саммит 13-15-февралда “Келечектин өкмөттөрүн түзүү” урааны алдында өтөт. Иш-чарага бир катар мамлекеттердин президенттери, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Саммиттин программасында 200дөн ашуун сессияны өткөрүү жарыяланган жана 300дөн ашуун баяндама окулат.  

Бүткүл Дүйнөлүк Өкмөттөр саммити (БДӨС) 2013-жылы түзүлгөн көз карандысыз жана коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Саммит жыл сайын өткөрүлөт. Бүткүл Дүйнөлүк Өкмөттөр саммитин түзүүдө анын уюштуруучулары бул иш-чараны Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумдун аналогу катары көрсөтүшкөн. 

Сүрөт: Акылбек Жапаровду Дубайда тосуп алуу. МинКаб. басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты