Акылбек Жапаров АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолугушту

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 22-февралда Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы Лесли Вигерини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, кыргыз тараптын кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин ырастады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «жашыл» экономика, климаттык күн тартиби, маалымат технологиялары жана креативдүү экономика жаатындагы долбоорлорго өзгөчө көңүл буруп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулады.

Тараптар соода-экономикалык чөйрөдөгү мүмкүнчүлүктөрдү белгилеп, бул багыттагы иштерди активдештирүүнү жакташты.

Өз кезегинде АКШ элчиси эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө багытталган күч-аракеттерди жумшоого даяр экендигин билдирди.

Сүрөт: Минкаб. басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты