Акыйкатчы институту Оштогу №5 тергөө абагында жарандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүздү

  • 1 месяц мурун

Мониторингди Акыйкатчынын орун басары Жанибек Жоробаев жана Ош облусундагы Акыйкатчынын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жүргүздү.  

Тергөө абагына барган учурда 291 адам кармалып турган. Алардын ичинен 12 аял. Ошондой эле, өмүр бою эркинен ажыратылган эки соттолгон жаран бар. Тергөө абагы 511 адамга эсептелген. 

Мониториг жүргүзгөн учурда камералар ным тартып, эскирип калганы аныкталган. Бирок, кармалып тургандар кармоо шарттарына арызданышкан эмес. 

Маалыматт айтылгандай, мониторинг учурунда кармалып тургандардын арасынан бешөө укуктарын коргоп берүүсүн өтүнүшкөн. Алар укук коргоо жана тергөө органдары тарабынан укуктарынын бузулушуна даттанышкан.
Камакка алынгандардын бири анын иши боюнча сот отуруму улам жылдырылып жатканына нааразы. Дагы бирөө жакындары менен байланышууга жардам берүүнү суранган. 

Алардан башка камалгандардын бири, 40 жаштагы аял өз укугун коргоону суранып арызданды. Ал Сириядан үч жаш баласы менен 2023-жылдын октябрында өкмөттүн программасынын  негизинде кайтарылганын айтып берген. Анын айтымында, ал реабилитациялык процедуралардан өткөн. Ошого карабастан укук коргоо органдары тарабынан 2024-жылы марттын башында кармалган. 7-мартта Кара-Суу райондук соту 7-апрелге чейин камакка алуу баш коргоо чарасын кабыл алган. 

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, ал кылмыш-жаза кодексинин 375-беренеси «Жалданмачылык» (1997-ж. ред.) боюнча мурда козголгон кылмыш иши боюнча кармалган.
Аялдын кайрылуусун Акыйкатчынын орун басары өз көзөмөлүнө алды. 

Сүрөт: Акыйкатчы институту.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты