Аксы райондук милиция кызматкерлери пара талап кылууга шектелип кармалды
- 12 месяцев мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) Аксы районунун тургунунан Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) кызматкерлери пара талап кылгандыгы боюнча арыз түшкөн.
Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Аксы РИИБнин Жаңы-Жол аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Ы.Р.Б., участкалык улук инспектор Т.А. жана участкалык инспектор А.Б.Ы. арыз ээсинин турак жайына мыйзамсыз кирип, аларда каттоосу жок аңчылык мылтыгын тартып алышкан. Андан соң жогоруда аталган милиция кызматкерлери ок атуучу куралды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деп коркутуп, үйдүн ээсинен 30 миң сом пара алышкан.
Бирок акча талап кылуу токтогон эмес, андыктан куралдын ээси УКМКга кайрылган. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы жана эки райондук милиция кызматкери арыз ээсинен кезектеги 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Ошол эле учурда аймактык милиция бөлүмүнүн жетекчисинин жашаган жерин тинтүү учурунда мурда алынган ок атуучу куралдар табылган.
Аксы РИИБ кызматкерлери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы




