Аксы окуясына карата кайрылуу: «Азыркы жана келечек муундарыбыз андан сабак алып, бакубат жашоого умтулат деген ишеничтебиз»

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, Аксы окуясын эскерүү күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

-Мындан туура 22 жыл мурун авторитардык бийликке каршы жалпы элдик козголууга түрткү берген Аксы окуясы Кыргызстандын соңку тарыхындагы кара тамга менен жазылган саясий окуялардын бири болуп калды.

Ар жылы ушул күнү текебер бийликтин колунан каза тапкан чыныгы эр-азаматтарды эскерип келебиз. Бабалар мурас кылган эркиндик үчүн кандан-бектен кайра тартпаган, тизе бүгүп, баш ийбеген, эл-журттун эртеңки келечеги үчүн жан берген атуулдардын элеси эсибизде түбөлүккө сакталат.

Кыргызстандын бүтүндүгү, элдин эркиндиги, демократиялык ачык-айкын өлкөнүн келечеги үчүн өз жандарын аябаган аксылыктардын эрдигине таазим кылабыз!

Аксы окуясынын каармандары тарыхый бурулуш катары чоң сабак калтырышты. Бул трагедиядан азыркы жана келечектеги муундарыбыз сабак алып, бакубат жашоого умтулушат деген терең ишеничтебиз.

2002-жылдын 17- мартында Аксынын Боспиек айылында Үзөңгү-Кууш маселесине байланыштуу камалган ал кездеги депутат Азимбек Бекназаровду түрмөдөн бошотуу талабы менен жөө жүрүшкө чыгышкан.

Боспиекте милиция менен эл кагылышып, милиция элге ок аткан. Анда алты киши каза таап, 30 дай киши жаракат алган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты