​Сооронбай Жээнбеков: “Үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейм!”

  • 5 лет мурун

«Биздин эл эгемен жылдарында үй-бүлөлүк башкаруу режиминин ар кандай түрлөрүн көрдү. Мамлекетти уюшкан кылмыштуу мафия башкарган да мезгил болду. Анын далилдери коомчулукка жете баштады», — деп билдирди Президент Сооронбай Жээнбеков 17-мартта, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында 2002-жылы Аксы окуяларында курман болгондорду эскерүү митингинде.

«Биз элибиздин мүдөөсүн жакшы билебиз. Элибизде „Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок“, деп эзелтеден бекеринен айтылган эмес. Мен баш болуп, 3 бийликтин бутагы муну эсибизден чыгарбоого тийишпиз. Үй-бүлөлүк кланга каршы күрөштүн башында турган адам катары, үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейм!», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

«Куранда адилеттиктен тайбаган, Кудайдан корккон коом — адамзат турмушундагы эӊ жакшы коом болот деп айтылат. Биз мына ошондой таза, мыйзамды сыйлаган адилет коомду курабыз. Биз Кыргызстандын эгемендиги үчүн, элибиздин эркиндиги үчүн курман болгон мекендештерибиздин асыл максаттарын ишке ашырууга милдеттүүбүз. Жараткан өзү колдоп, ошол максатыбызга жетели!», — деп сөзүн жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты