АКШнын дин тутуу эркиндиги (USCIRF) боюнча комиссиясынын өкүлдөрү акыйкатчы менен жолугушту
- 1 год мурун
АКШнын дин тутуу эркиндиги (USCIRF) боюнча комиссиясынын төрайымы Вики Хартцлер жана анын орун басары Асиф Махмуд Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева менен жолугушту.
Бул тууралуу акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда дин эркиндигин сактоо маселелери жана 2025-жылдын 1-февралында күчүнө кирген дин жөнүндөгү жаңы мыйзамдын ишке ашырылышы тууралуу талкууланды.
Жамиля Жаманбаева 2024-жылдан бери институтка дин тутууга байланыштуу бир нече кайрылуулар түшкөнүн билдирди. Тергөө абагында отурган аял диний жөрөлгөлөрдү аткарууга шарт жок болуп жатканын айтып кайрылган. Институттун кийлигишүүсүнөн кийин тиешелүү шарттар түзүлгөн.
Дагы бир мисал, психиатриялык оорукананын бейтаптарына байланыштуу болду, анда аялга намаз окууга тыюу салынган. Текшерүүнүн жыйынтыгында, тиешелүү кызматкерге эскертүү берилген.
Вики Хартцлер 2025-жылдын февралында күчүнө кирген “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзам аз сандагы диний топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт болушу ыктымалдыгын айтып, тынчсыздануусун билдирди
“Жаңы мыйзам боюнча диний уюм катары катталуу үчүн 500дөн кем эмес мүчөсү болушу шарт. Андыктан алардын айрымдары Кыргызстанда өз иштерин уланта албай калышы мүмкүн” деди ал.
Вики Хартцлердин айтымында, Кыргызстандын айрым аймактарында жергиликтүү бийликтер диний уюмдардын кайра каттоодон өтүшүнө тоскоолдук жаратууда. Ал эми, мыйзамга ылайык, алар эки жылдын ичинде кайра каттоодон өтүшү абзел.
“Бирок сиз менен болгон жолугушуудан кийин менде диний азчылыктардын өкүлдөрү өз ишенимин эркин аткаруусуна шарт болот деген үмүт пайда болду” деди АКШнын эл аралык дин тутуу эркиндиги боюнча комиссиясынын төрайымы.
Ал эми комиссиянын төрайымынын орун басары Асиф Махмуд диний билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүнө көңүл бурууга чакырды.
Анын айтымында, айрым медреселерде экстремисттик идеялар жайылып жаткан болушу мүмкүн жана бул улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат.
Жамиля Жаманбаева быйыл институт интернат тибиндеги диний билим берүү борборлоруна мониторинг жүргүзүү пландалып жатканын билдирди.
Кыргызстанда 4363 диний уюм каттоодон өткөн. Алардын ичинен 3966сы ислам, 391и христиан, бир нечеси буддисттик, иудейлик жана бахаисттик уюмдар бар.

Сүрөт: Акыйкатчы институту




