АКШга берилген визанын мөөнөтүн узартуу сүйлөшүлүп жатканы айтылды

  • 8 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков чет мамлекеттерде билим алган жаштардын саны өскөнүн белгилеп, Америка Кошмо Штаттарында окуган студенттер виза маселесинде кыйынчылыкка кабылып жатканын парламенттин 7-сентябрдагы жыйынында айтты.

Ал студенттер жыл сайын визаны узартуу үчүн Кыргызстанга кайтып келүүгө аргасыз болуп жатканын кошумчалады. Эл өкүлү Казакстан бул маселени чечип, «беш жыл окуса» ошого жараша виза берип турарын мисал келтирди.

Депутат көтөргөн маселеге Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жооп берип, бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

«АКШнын элчилиги, алардын бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Буюрса, жакынкы айларда оң натыйжа чыгат. Биздин мекендештерге, кыргыз жарандарына виза берүүнү жеңилдетип, мөөнөтүн 5-10 жылга узартуу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат» деди спикер.

Буга чейин АКШнын Кыргызстандагы элчилиги виза алуу үчүн күткөн убакытты эки жылдан 60 күнгө азайтуу чечимин кабыл алган.

Быйыл жыл башында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Астана шаарында “Борбор Азия+АКШ” жыйынынын алкагында АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушкан. Жолугушууда Кыргызстандын жарандарына АКШга виза берүүнү жеңилдетүү жана оптималдаштыруу маселелери да талкууланган.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылы 21-июлда бир тараптуу денонсациялаган.

Министр Кулубаев буга чейин жаңы келишимде талкуулоону талап кылган айрым техникалык маселелер бар деп, Вашингтон болсо документке кол коюуга даяр экенин билдирген.

Парламенттег билдирүүлөрдөн кийин Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги мындай билдирүү таратты:

«КР жарандарынын чет өлкөгө баруу шарттарын жакшыртуу иштеринин алкагында КР Тышкы иштер министрлиги Америка тарабы менен өз ара негизде айрым категориядагы, анын ичинде окуу категориядагы визалардын мөөнөттөрүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү демилгеледи. Америка тарабы менен макулдашуулар жетишилгенде, КР ТИМи тарабынан расмий маалымат жарыяланат.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын жарандарынын АКШга кирүү жана анын аймагында жүрүү эрежелерин сактоосу визаларды тариздөө тартибин жеңилдетүү боюнча макулдашууларга жетүүгө шарт түзөт» деп айтылат ТИМ илдирүүсүндө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты