АКШдагы атышуу: Огайодо 20дан ашуун киши жарадар болду

  • 2 месяца мурун

АКШда 2-июнга караган түнү Огайо штатындагы жапырт атышуудан бир адам каза болуп, кеминде 24 киши жаракат алды.

Атышуу Акрон шаарында түн ортосунда болгон. Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, окуя болгон жерден ондогон ок жана курал табылган. Кармалгандар жана камакка алуулар тууралуу маалымат түшө элек.

Акрон полициясы жаракат алгандардын арасында бир нече кишинин абалы оор экенин билдирди.

Тергөө ок атуунун себептери жана кол салгандар тууралуу айта элек.

АКШда курал-жарактарга көзөмөлдү күчөтүү боюнча дискуссия көптөн бери жүрүп жатат. Өткөн жылы эле өлкөдө кыркка жакын жапырт ок атуу болуп, натыйжада адам өлүмү менен аяктаган. АКШнын президенти Жо Байден тиешелүү мыйзамдарды “акылга сыйгыдай” реформалоого чакырып келет.

Иллюстрациялык сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты