АКШда Кыргызстандын жараны каза болду

  • 2 месяца мурун

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги М.П. аттуу 1966-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Америка Кошмо Штаттарынын аймагында каза болгондугу тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматка байланыштуу  билдирүү таратты.

“2025-жылдын 27-апрелинде Америка Кошмо Штаттарында унаалардын кагылышуусунан келип чыккан жол кырсыгынын натыйжасында, М.П. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны оор жаракат алып, окуя болгон жерде каза болгон. Маркумдун үй-бүлөсүнүн чечимине ылайык, аза күтүү жана жерге берүү аземи 2025-жылдын 1-майында Америка Кошмо Штаттарында өткөрүлдү” деп айтылат билдирүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты