АКШда балдар арасында катталган өлүмдүн негизги он себебинин бири COVID-19 болуп жатканы чын
- 5 лет мурун
- Фактчекинг
10-декабрда “Дождь” телеканалынын сайтында АКШда балдар арасында катталган өлүмдүн негизги он себебинин бири коронавирус инфекциясы болуп жатканы жөнүндө материал жарык көргөн. Анда Кошмо Штаттарда 5 жаштан 11 жашка чейинки балдар арасында катталган өлүмдүн негизги себептеринин бири COVID-19 болуп жатканы, ошол себептүү 5 жаштан жогору балдарды аталган дартка каршы эмдөөдөн өткөрүү башталганы тууралуу жазылган.

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү
23-ноябрда АКШнын Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун расмий сайтында балдарды жана өспүрүмдөрдү COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырган материал чыккан. Андагы маалыматтарга ылайык, Кошмо Штаттарда 5 жаштан 11 жашка чейин болжол менен 28 миллион бала бар. Коронавирус пандемиясы башталгандан бери бул балдардын ичинен 2 миллионго жакыны вирусту жуктуруп алган.
Ушул жылдын октябрь айынын ортосуна карата 5 жаштан 11 жашка чейинки балдардын арасында 8300дөн ашык бала COVID-19 жуктуруп, ооруканага жаткырылган жана 100гө жакын бала дал ушул дарттан улам каза тапкан. Муну менен бирге материалда 5-11 жаштагы балдардын арасында катталган өлүмдүн негизги он себебинин бири катары COVID-19 инфекциясы көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары Петерсон саламаттык сактоо борбору Кайзер үй-бүлөлүк фонду (KFF) менен биргеликте АКШда адамдардын өлүмүнө себеп болуучу факторлор боюнча анализ жүргүзүп келет. Бул борбордун Ден-соолукту көзөмөлдөө системасындагы маалыматтарга ылайык, 2021-жылдын августунан октябрь айына чейин 1-14 жаштагы балдардын арасында катталган өлүмдүн негизги он себебинин бири коронавирус инфекциясы болгон.

Август айында коронавирус инфекциясы 5-14 жаш арасындагы балдардын өлүмүнүн негизги себеби катары 6-орунду ээлесе, сентябрда 5-орунга көтөрүлгөн. Ал эми 1-14 жаштагы балдар арасында катталган өлүмдүн себеби катары COVID-19 август, сентябрь жана октябрь айларында 7-катарда орун алган.

Жыйынтык: АКШда балдар арасында катталган өлүмдүн негизги он себебинин бири коронавирус инфекциясы болуп жатканы чын.




