АКШ Украинанын бюджетин колдоо үчүн $4,5 миллиард жардам берет

  • 2 года мурун

Кошмо Штаттар Украина өкмөтүнө кошумча 4,5 миллиард доллар жардам берет. Каражат бюджет чыгымдарын жабууга, анын ичинде оорукана жана мектептердин  электр энергиясын төлөөгө, дарыгер, мугалим жана башка жарандык кызматкерлерге маяна берүүгө жумшалат.

Бул тууралуу АКШнын эл аралык өнүгүү агенттигинин сайтында айтылат.

Каражат Дүйнөлүк банк аркылуу транш менен берилет. Алгачкы 3 миллиард доллар 3-августта которулат. АКШ жөнөткөн акча аз камсыздарга, майып балдарга социалдык жана каржылай колдоо көрсөтүүгө багытталууга тийиш.

Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча согуштан улам 2023-жылдын аягына карата украиналыктардын 55 пайызы жакырчылыкка кептелет. Апаат башталганга чейин бул көрсөткүч 2,5 пайыз болгон.

АКШ июлда $1,7 млрд жана июнда $1,3 млрд жардам көрсөткөн. Вашингтон мындан тышкары аскердик жактан да көмөк берүүдө. 8-августта АКШнын Коргоо министрлиги Украинанын куралдануусу үчүн бир миллиард долларлык жардам бөлүнгөнүн кабарлады.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты