АКШ Тажикстандын коопсуздук тармагына $60 млн жардам берет

  • 2 года мурун

АКШнын Душанбедеги элчилиги Тажикстандын коргоо министрлигине IVECO үлгүсүндөгү сегиз жүк ташуучу унаа жана тетиктерди берди. Жардамдын жалпы суммасы 2,3 миллион долларды түздү.

«АКШ 2021-жылы октябрда да Тажикстандын коргоо министрлигине жалпы баасы 1,4 миллион долларды түзгөн J8 үлгүсүндөгү 20 жолтандабас автоунаасын берген. Азыркы жаңы жардамыбыз тажик тарапка ал транспорт каражаттарын жакшы абалда узак убакыт пайдалануусуна мүмкүнчүлүк берет» деп жазылган элчилик 5-майда тараткан билдирүүдө.

Жардамды тапшыруу аземинде элчинин орун басары Бриджит Уокер АКШ жакынкы эки жылдын ичинде Тажикстандын коопсуздук тармагына жардам катары 60 миллион доллардан ашык каражат бөлүүнү пландап жатканын айтты.

Расмий маалыматтарга ылайык, АКШнын өкмөтү 1992-жылдан бери Тажикстандын коргоо тармагына жардам катары 330 миллион доллардан ашык каражат берген.

Элчиликтин билдирүүсүндө АКШ акыркы 30 жылдын ичинде коопсуздук, экономикалык өнүгүү, саламаттык сактоо, жарандык коргонуу жана билим берүү программаларынын алкагында Тажикстанга жардам катары жалпысынан 1,8 миллиард долларлык каражат бергени белгиленген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: АКШнын Тажикстандагы элчилигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты