АКШ: Орусия «ЛНР» менен «ДНРди» аннексиялоого ниеттенүүдө

  • 2 года мурун

Орусия өздөрүн «Донецк элдик республикасы» жана «Луганск элдик республикасы» деп жарыялап алган жикчил аймактарды аннексиялап, Херсон облусун «Херсон элдик республикасы» деп жарыялагандан кийин анын көз карандысыздыгын таанууну пландап жатат.

Бул тууралуу АКШнын Евопадагы коопсуздук жана келишим уюмундагы (ЕККУ) элчиси Майкл Карпентер америкалык чалгындын маалыматына таянып билдирди.

«Москва Донецк жана Луганск облустарынын жикчилдер көзөмөлдөп турган аймактарында «жалган референдумдарды» өткөрүп, аларды Орусиянын курамына кошуп алууга ниеттенип жатат» деди Карпентер.

Анын айтымында, Орусия Херсон облусунун көз карандысыздыгы тууралуу референдум өткөрүүгө даярдыктарды көрүп жатканынын белгилери байкалууда.

«Кремль демократиялык жана легитимдүү шайлоо өткөргөн түр көрсөтүүгө аракет кылып, жалган референдумдарды өткөрүшү мүмкүн деп эсептейбиз… Жыйынтыктары бурмаланган жалган референдумдар, анын ичинде Украинанын аймагын кошумча аннексиялоо боюнча башка аракеттер да мыйзамсыз деп табылат» деди Карпентер.

Маалыматка караганда, Кремль жогорудагыдай кадамдарга май айынын ортосунда барышы мүмкүн. Москванын кыйыр түрдөгү мындай пландары орус аскерлери басып алган аймактардагы калаа башчылары менен жергиликтүү депутаттардын барымтага алынуусу, алардын интернеттен жана уюлдук байланыштан ажыратылуусу, ошондой эле жергиликтүү мектептерге орус мектебинин окуу программасын киргизүү планы көрсөтүп турат.

Сүрөттө: Майкл Карпенгер. Расмий сүрөт .

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты