АКШ Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын жаңы партиясын алып келди

  • 2 года мурун

Америка Кошмо Штаттары 22-январда Кыргыз Республикасына COVID-19-га каршы Pfizer вакцинасынын 149 760 дозасын тапшырды.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Вакциналар дүйнөдө COVID-19 вакциналарынын жетиштүүлүгүн камсыз кылуу боюнча COVAX демилгеси аркылуу жеткирилди.

АКШ бул вакциналарды Кыргыз Республикасында COVID-19 менен күрөшкө көмөк катары берип жатат.

«Коопсуз жана эффективдүү вакциналар биздин иммундук системабызга COVID оорусунун оорлошуна туруштук берүүгө жардам берет. АКШ Кыргыз Республикасынын элине вакциналар менен камсыз кылууну жана алардын өлкө боюнча жеткиликтүү болушун үчүн каржылоо аркылуу колдоону улантат», — деди АКШнын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Жалпысынан АКШ 2021-жылдын октябрынан бери Кыргызстанга Pfizer компаниясынын COVID-19 вакцинасынын 450 миң дозасын тапшырды.

Расмий статистикага ылайык, АКШда чыгарылган Pfizer вакцинасы менен 40 миңден ашык адам толук эмдөөдөн өтүп, 62 миңден ашуун кыргызстандык бир дозасын алган. Пандемия башталгандан бери, АКШ Кыргыз Республикасында COVID-19 илдетин алдын алуу, аныктоо жана дарылоо үчүн 9 млн доллардан ашык каражат бөлүп берген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты