АКШ Конгресси $1,6 трлн өлчөмүндөгү федералдык бюджетти колдоду

  • 4 месяца мурун

АКШ Конгресси 2024-жылы өкмөттү 1,6 триллион доллар өлчөмүндө каржылоо боюнча макулдашууну колдоду.

Президент Жо Байдендин билдирүүсүндө жетишилген макулдашуу – федералдык өкмөттүн ишинин жарым-жартылай токтоп калышын (шатдаун) алдын алууга мүмкүндүк берет деп билдирди.

Республикачылар менен Демократтардын ортосундагы келишимге ылайык, 2024-жылы АКШнын бюджетинин жогорку чеги 1,59 триллион долларды түзөт. Сунушталган бюджетте коргонууга 886 миллиард доллар жана коргонуудан тышкаркы чыгымдарга 704 миллиард доллар киргизилген.

Коргонуу бөлүгүнө президент Байден өткөн айда кол койгон.

Сенаттагы көпчүлүктүн лидери Чак Шумердин айтымында, жетишилген макулдашуу айрым республикачылар талап кылган бюджетти кыскартууга алып келбейт.

Ноябрда Жо Байден 2024-жылдын 19-январына чейин өкмөттү убактылуу каржылоону караган мыйзам долбооруна кол койгон. Ошол эле учурда мыйзам Украинага, Израилге жана Тайванга жардам көрсөтүүнү камтыган эмес – бул маселе өзүнчө каралып жатат. Бул максаттарга 106 миллиард доллар, анын ичинде Украинага аскерий жардам көрсөтүүгө 61 миллиард доллар сарптоо пландалууда. Республикачылар башка өлкөлөргө жардам берүүнү жактыруунун ордуна чек ара коопсуздугун күчөтүүнү талап кылып жатышат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты