АКШ элчилиги визалык кызмат көрсөтүүнү кайрадан улантат

  • 3 года мурун

АКШ элчилигинин консулдук бөлүмү 2021-жылдын 1-декабрынан баштап визалардын бардык түрүнө байланыштуу визалык интервьюларга кезекке турууну ачат.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.  

 Виза алууга кайрылгандардын жана кызматкерлердин ден соолугун жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кабыл алууну чектөө, социалдык аралыкты бекем сактоо жана беткап тагынуу протоколдору элчиликке келген бардык коноктор үчүн күчүндө болот.

Маалыматта айтылгандай, визага кызыккан талапкерлер алардын веб-баракчасындагы арыз талаптарын жана башка маалыматты карап чыгып, интервьюга кезекке турса болот.

Дүйшөмбү күнү, 8-ноябрдан тарта АКШга кирүү үчүн саякатка коюлган талаптар өзгөрөт. Чет элдик саякатчылардан FDA тарабынан тастыкталган же уруксат берилген вакцина же Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өзгөчө кырдаалдарда колдонуу тизмесине киргизген вакцина менен COVIDге каршы эмдөөнүн далилин көрсөтүү талап кылынат. Учурдагы талаптар боюнча акыркы маалыматты CDCнин COVID-19 веб-сайтынан тапса болот.

АКШ элчилиги 2020-жылдын март айында мамлекеттик департаменттин COVID-19 башталгандагы көрсөтмөлөрүнөн улам катардагы визалык интервьюларды токтоткон. Мамлекеттик департаменттин учурдагы көрсөтмөлөрү АКШ элчилигине COVID-19га каршы катуу коопсуздук чараларын сактоо менен визалык интервьюларды улантууга мүмкүндүк берет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты