АКШ Бишкектеги ооруканаларга жеке коргонуу каражаттарын тапшырды

  • 3 года мурун

19-октябрда АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Бишкектеги эки ооруканага жеке коргонуу каражаттарын жана медициналык буюмдарды тапшырды.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Улуттук госпиталга жана республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына 19 миң жуп колкап, 5 миң респиратор, 960 коргоочу көз айнек, тайып кетүүгө каршы 10 миң бут кийим каптары, пациенттерди тейлөө үчүн 50 кардиостимулятор берилди.

1 миллион сомдон ашык суммадагы медициналык шаймандар АКШнын Кыргыз Республикасына COVID-19га каршы күрөшүүдө көмөк катары берилди.

Пандемия башталгандан бери USAID Кыргыз Республикасына өлкөнүн COVID-19 менен күрөшүү аракеттерин колдоо үчүн 7 миллион доллардан ашык каражат бөлдү.

АКШ Бишкектеги ооруканаларга жеке коргонуу каражаттарын тапшырды
Сүрөттөр: АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы.
АКШ Бишкектеги ооруканаларга жеке коргонуу каражаттарын тапшырды
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты