Акиташ тегинин чийки затын ЕАЭБден тышкары жерлерге алып чыгууга убактылуу тыюу салынды
- 1 год мурун
Кайра иштетилбеген же одоно майдаланган, кесилген же башка жол менен тик бурчтуу же төрт бурчтуу блокторго же плиталарга бөлүнгөн кабык аки ташты (известняк-ракушечник) алып чыгууга убактылуу тыюу салынды.
Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтомдун максаты жана милдеттери болуп кайталангыс жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана уникалдуу Жалпак-Таш кенинде табигый акиташ тегинин чийки затынын кескин жетишсиздигин алдын алуу саналат.
Экономика жана коммерциялык министрлигине токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарлоо тапшырылды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




