«Ак-Жол», «Ак-Тилек» өткөрмө бекеттери да жабылды

  • 2 года мурун

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак – Жол”, “Ак-Тилек” өткөрмө бекеттери да жабылды. Бул тууралуу 7-январда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган бекеттер жолоочулар жана жүктөр үчүн толук жабылды.

Чек ара кызматы 7-январда эртең менен казак тараптын демилегси менен кыргыз-казак чек арасындагы “Кең-Булуң», «Токмок» автоунаа бекеттерин убактылуу жабылганын маалымдаган.

Кыргыз-казак чек арасында жети өткөрмө бекет бар.

Ал эми Чүйдөгү «Чалдыбар», Ысык-Көлдөгү «Каркыра» жана Таластагы «Чоң-Капка» бекеттери иштеп жатат. Бул бекеттерде тыгын жок. Учурда кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу.

Кыргызстан Казакстандагы коомдук-саясий абалдын курчушуна байланыштуу кыргыз-казак чек арасынан өткөн жарандар үчүн милдеттүү түрдө коронавирус жоктугун тастыктаган ПЧР тестти көрсөтүү талабын жокко чыгарды.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын бир катар шаарларында уланып жатат. Башаламандык менен коштолгон бул акцияларда ондогон адам каза тапты. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланган. Бийлик «контртеррористтик операция» жүргүзүүдө.

Сүрөттө: «Ак-Тилек» өткөрмө бекети. RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты