Ак-Талаада токой өрттөнүүдө
- 8 months мурун
Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Куртка айыл өкмөтүнө тиешелүү токой аймагында өрт чыкты.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, өрттү өчүрүүгө саат 08:15те Ак-Талаа райондук №47 өрткө каршы бөлүктөн 8 куткаруучу АКУ менен жана Токой чарбасынан 8 кызматкер тартылган. Буга кошумча саат 09:46да №47 ӨКБдан 2 куткаруучу, Токой чарбасынан 5 кызматкер жана айылдан 15 адам тартылган.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү