Ак-Суу электр тармактар ишканасынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды

«Кыргызстан улуттук электр тармактары» ачык акционердик коомунун (ААК) Ысык-Көл электр тармактар ишканасына караштуу Ак-Суу райондук электр тармактарынын эсептөө инженери К.М.А.  кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, К.М.А. электр эсептегичинде пломба жок болгондугу үчүн айып пулдун суммасын азайтуу максатында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда туризм кызматын көрсөткөн ишкерлерден накталай акча түрүндө пара талап кылууга шектелүүдө.

К.М.А. Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн (ШИИБ) убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды.

Тергөө иштери уланууда.

Ак-Суу электр тармактар ишканасынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды

Сүрөт: УКМК

Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты