“Ак-Суу” ден соолукту чыңдоо борбору мамлекетке кайтарылды

  • 1 месяц мурун

“Ак-Суу” ден соолукту чыңдоо борбору мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

УКМК тарабынан Кыргызстан профсоюздар федерациясынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетине тиешелүү болгон, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ак-Суу айылында жайгашкан мугалимдердин ден соолугун чыңдоо үчүн атайын курулган борбор 2012-жылы ошол кездеги жетекчилери тарабынан жеке адамга сатылып кеткен фактысы аныкталган.  

Жогорудагылардын негизинде, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын ыкчам тергөө иш аракеттеринин жыйынтыгында, борбордун баасы аныкталып, ал 54 118 630 сомду түзгөн.

Ак-Суу ден-соолукту чыңдоо борбору мамлекетке өткөрүлүп берилди.

Сүрөт: УКМК басма сөз борбору

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты