«Ак-Кула» ат майданынын мүлкү аукционго коюлат

  • 4 месяца мурун

Бишкек шаарындагы Термечиков көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан “Ак-Кула” ат майданынын айрым бөлүгү электрондук аукцион аркылуу сатылат.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Маадыматта айтылгандай, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кечээ, 19-мартта, өз буйругу менен муниципалдык мүлктү менчиктештирүү жол-жоболорун ишке ашыруу боюнча комиссия түздү.

Комиссияга Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчикти менчиктештирүү боюнча бекитилген программасына ылайык 10 күндүн ичинде аукцион өткөрүү милдети жүктөлдү.

Бишкек шаарындагы Термечиков көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан “Ак-Кула” ат майданынын айрым бөлүгү электрондук аукцион аркылуу сатылат.

Аукционго катышуунун шарттары жогорудагы комиссия тарабынан аныкталат. Муниципалдык мүлктү сатып алуучулар жеке жана юридикалык жактар боло алышат.

Муниципалдык менчикти сатуу боюнча электрондук аукционду өткөрүүнүн тартиби Өкмөттүн 2020-жылдын 27-октябрындагы № 519 бекитилген «Муниципалдык менчик объекттерин сатуу боюнча аукциондорду электрондук форматта өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» жобого ылайык аныкталат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты