Айсулуу Тыныбекова 2023-жылдын дүйнө боюнча мыкты балбан кызы аталды   

  • 4 месяца мурун

Күрөш боюнча дүйнөлүк уюм (UWW) Айсулуу Тыныбекованы 2023-жылдын мыкты балбан кызы деп атады.

Кыргызстандын балбанкызы Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингдин туу чокусуна чыгып, 95 575 балл алууга жетишкен.

Бул тууралуу атаган уюм социалдык тармактардагы расмий баракчаларына жарыялады.

Белград шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова алдыдагы Париж Олимпиадасына жолдомо алды.

Айсулуу Тыныбкова күрөш боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону. Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында Айсулуу Тыныбекова жеңишке жетишти. Ушуну менен ал Азиянын бешинчи жолку чемпиону болду.  

30 жаштагы Айсулуу Тыныбекова Олимп оюндарынын күмүш медалынын, бир катар эл аралык мелдештердин байге ээси. Сентябрда ал Күрөш дүйнөсү уюмунун рейтингинде өзүнүн салмагында дүйнөдө биринчи орунга чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты