Аида Исмаилова Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп дайындалды

  • 2 года мурун

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы жана Въетнамдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Динара Кемелова кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Президенттик администрациядан билдиришкендей, Кемелованын ордуна Кыргызтандын Түштүк Кореядагы элчиси болуп мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмалиова дайындалды.

Динара Кемелова Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси кызматын 2019-жылдын январынан бери аркалап келген. Өткөн жылдын сентябрында Корея резиденциясынан Кыргызстандын Въетнам Социалисттик Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты