«Агро айым-Агро жаштар» форуму өттү  

  • 11 месяцев мурун

«Аялдар арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү фонду», She Starts коомдук бирикмеси USAIDдин «Агросоода» долбоорунун колдоосу менен  кечээ, 21-июнда ,Ош шаарында айыл-чарбада айымдар жана жаштар – «Агро Айым – Агро Жаштар» долбоорунун жыйынтыктоочу иш-чарасын өткөрдү.

Бул долбоор Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы аялдардын жана жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жаңы маалыматтарга жетүү, бизнес дараметин чыңдоого багытталган.

Аталган форум соода өнөр-жай палатасынын Ош облусундагы өкүлчүлүгү, мамлекеттик каржылоо мекемелеринин Ош облусундагы жетекчилери, кызматкерлери жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын агро ишкерлеринин катышуусунда өттү.

Форумдун ачылыш аземинде Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов, айыл чарба министринин орун басары Айнура Туйбаева жана USAIDдин “Агросоода” долбоорунун жетекчиси Максат Искаков сөз сүйлөдү.

Депутат Эльдар Сулайманов өз сөзүндө “Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолордун киргизилгендиги тууралуу айтты.

«She Starts» коомдук бирикмеси «Айыл чарбада айымдар жана жаштар – «Агро Айым – Агро Жаштар» долбоорун 2022-жылдын август айынан тартып ишке ашырып келет. Бул долбоордун алкагында үч облустун 210 ишкер айымдарынын жана жаштарынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган иш-чаралар аткарылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты