Адылбек Касымалиев Вьетнамга иш сапары менен барат

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 6-7-мартта Вьетнамга иш сапары менен барат.  

Сапардын алкагында Вьетнамдын жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын, саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык байланыштарды жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашат.  

Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар келишимдерге кол коюлат.  

МинКаб башчысы бизнес-диалогго катышат жана Вьетнамдын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушат. Иш-чаранын алкагында соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу келечеги талкууланат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты