Адылбек Касымалиев иш сапары менен Казакстанга барат

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 26–27-мартта Казакстанга иш сапары менен барат. 

Ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги чакан жана кеңейтилген курамдагы жыйындарына катышат.

Чакан жана кеңейтилген курамда өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартиби соода-экономикалык жана ар тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөсүн камтыйт.

Ошондой эле “Digital Qazaqstan – 2026” (Санарип Казакстан — 2026) эл аралык санарип форумуна катышып, санарип долбоорлордун көргөзмөсү менен таанышып, пленардык сессиясында сөз сүйлөйт.

Иш-чараларга Беларусь, Казакстан, Кыргыз Республикасынын, Россия өкмөт башчылары, Армениянын вице-премьери, ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышат. 

Мындан тышкары Евразия экономикалык биримдигине байкоочу мамлекеттердин делегация башчылары, коомдук ишмерлер жана ири IT-компаниялардын жетекчилери, санарип тармагынын эксперттери катышаары күтүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты