Адылбек Касымалиев иш сапар менен Түркмөнстанга барды
- 11 месяцев мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун үчүнчү конференциясына катышуу үчүн иш сапар менен Түркмөнстандын Аваза туристтик комплексине келди.
Иш сапардын алкагында МинКаб башчысы деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун үчүнчү конференциясынын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.
Мындан тышкары БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Непалдын премьер-министри Кхадга Прасад Шарма Оли менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Ошондой эле Адылбек Касымалиев Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин башчыларынын жогорку деңгээлдеги жолугушуусуна катышат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




