Адылбек Касымалиев АКШнын элчиси Лесли Вигери менен актуалдуу маселелерди талкуулады

  • 1 месяц мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды.

Бул тууралуу МинКаб сайтында кабарланды.
 
Маалыматта айтылгандай, эки тараптуу мамилелердин негизги аспектилерин, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүүнүн келечегин талкуулашты.
 
Тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө эки тараптын тең кызыкчылыгын ырастап, банктар аралык мамилелерди өнүктүрүүнүн жана стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн америкалык консалтингдик компаниялар менен, анын ичинде IT, тоо-кен өндүрүшү, энергетика, авиация жана темир жол транспорту чөйрөлөрүндө кызматташууну стимулдаштыруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
 
Элчи Лесли Вигери өз кезегинде АКШ Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө умтулаарын ырастады.
 
Жолугушуунун соңунда тараптар эки тарапты кызыктырган бардык маселелер боюнча ачык жана конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты