Административдик-аймактык реформа: Бишкек шаарына кайсы айылдар кошулат?

  • 2 месяца мурун

Эртең, 4-мартта, Бишкек шаардык кеңешинин сессиясы өтөт. Анда пилоттук режимде Бишкек шаарында административдик-аймактык реформа маселеси каралат. Ага карата даярдалган токтом долбоорунда Бишкекке жанаша жаайгашкан райондордун кайсы айылдари кирери белгиленген.

Токтом долбоору боюнча Бишкек шаарынын курамына төмөнкү айылдар кошулмакчы:
—    Аламүдүн районунун Аламүдүн, Маевка, Пригород, Төмөнкү Ала-Арча, Лебединовка жана Көк-Жар айыл аймактарын, Кара-Жыгач айыл аймагынын «Анар-Бак» конушу жана № 544, № 545, № 552 контурларын, Ак-Дөбө айыл аймагынын «Алтын-Казык» конушун, Таш-Дөбө айыл аймагынын Орто-Сай айылын, Ленин айыл аймагынын Мыкан айылын жана «Ак-Жар», «Нуркожо-Ата» жана «Адилет» конуштарын;
—    Сокулук районунун Орок жана Новопавловка айыл аймактарын, Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жол айылынын № 177 контурун.

Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Бишкек шаарынын мэрине төмөнкүлөрдү бекитүү ыйгарым укуктары өткөрүлүп бериле тургандыгы белгиленсин:

Бишкек шаарынын бюджетин жана 2025-2026-жылдарга болжолдорун, коммуналдык кызматтарга жана товарларга тарифтерди,   муниципалдык аймактык башкармалыктары тарабынан тейленилүүчү аймактардын чек араларын аныктоо.

Мэрге берүүгө сунушталып жаткан ушул укуктар боюнча мыйзам долбоору февраль айынын аягында Жогорку Кеңеште өтпөй калган. кеңештин айрым депутаттары да каршы экенин ачык айтып чыгышкан.

29-февралда Бишкек шаар кеңешинин сессиясына катышкан мэр Айбек Жунушалиев президенттин жарлыгы күчүнө киргенин, ага ылайык шаардык кеңештин жыйыны борборго кошула турган айыл депутаттарынын катышуусу менен өтүшү керектигин айткан.

Бишкек шаар кеңешинин 45 депутаты бар, жаңы курамдагы кеңеште 235 депутат болмокчу.

Сүрөттө: Бишкек шаардык кеңеши. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты