Адам уурдоого шектелип 24 жаштагы жаран кармалды
- 2 года мурун
Кылмыш иликтөө ыкчам кызматкерлери тарабынан адам уурдоого шектелип 24 жаштагы С.Б. кармалды.
Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
Башкармалыктын маалыматы боюнча, 2023-жылдын 7-августунда Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жаран кайрылып, белгисиз адамдар аны 4-августта Асаналиев көчөсүндө күч колдонуп унаага салып, шаардын сыртына алып чыгып сабап кеткендигин айтып, чара көрүүнү өтүнгөн.
Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин “Адам уурдоо” беренесинин негизинде иш козголгон. Шектүүнүн тек-жайы аныкталып, мурда адам өлтүрүүгө аракет жасаган деп соттолгон 24 жаштагы С.Б. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалгандыгы айтылат маалыматта. Тергөөдө анын каракчылыкка тиешеси бар экендиги да аныкталган.

Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан
Сүрөт: Бишкек ИИБ




